6- Февраль 1945 -жылы белгилүү ямайкалык музыкант, композитор жана ырчы Боб Марли төрөлгөн
Регги стилиндеги ямайкалык белгилүү музыкант, композитор, ырчы жана гитарачы Боб Марли Найн-Майлс кыштагында төрөлгөн. Бала чагынан музыкага кызыгып, биринчи пластинкасын "Catch a fire" деп атаган. Ал поп-музыкадагы жаңы стандарттарды (эч кимдикине окшошпогон стилди, жаңы ритмди) жараткандыгын гезиттер жазып чыгышкан. Аз убакыттын ичинде Марли чыныгы жылдызга айланып, анын ырлары расалык тең укуктуулук үчүн күрөшкөндөрдүн гимнине айланган. 1980-жылы анын белгилүү "Could You Be Loved" ыры камтылган "Uprising" деген акыркы жыйнагы чыккан. Боб Марли 1981-жылы 11-майда 36 жашында рак илдетинен улам көз жумган. Жыл сайын 6-февралда Ямайка өлкөсүндө Боб Марлинин күнү белгиленет. 2001-жылы ал "Грэмми" сыйлыгына татыктуу болуп, Голливуддагы Даңк аллеясында анын жылдызы пайда болгон. Боб Марлинин "One Love" деген ыры ВВСнин версиясы боюнча "Кылымдын ыры" аталган. Боб Марли жана жубайы Рита Марлинин ортосунда 4 баласы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан