8- Февраль 1837 -жылы Петербургда Пушкин менен Дантестин ортосунда акындын өлүмүнө алып келген эрөөл болгон
Петербург шаарында улуу акын Александр Пушкин менен орус армиясында кызмат кылган француз Дантестин ортосунда эрөөл болгон. Пушкин ичине тийген октон катуу жаракат алып, жооп катары Дантести оң колуна атып, ал жеңил жаракат алган. Катуу жарадар болгон акынды окуя болгон жерден үйүнө алып келишкен. Дарыгерлердин анын өмүрүн сактап калууга жумшаган аракеттерине карабастан Пушкин эки күндөн соң, 10-февралда көз жумган. Бүгүнкү күндө дуэль болгон жерде темир жол линиясы менен Коломяж проспектисинин кесилишинде (Кара дарыянын аймагында) акындын урматына эстелик орнотулган. Падышалык аткаминерлер Алексей Пушкиндин артынан аңдып, чыгармаларынын көбүн басып чыгарууга тыюу салышкан, жеке турмушуна жана ишине кийлигишкен. Акын аларга каршы кайраттуулук менен күрөшүп, ишин уланткан. Дантес менен Пушкиндин жубайы Наталья Гончарованын ортосунда сүйүү мамилеси бар деп айтылып, акынга аялынын ак эместиги жөнүндө анонимдүү каттар келип турган. Мындан улам чыдамы түгөгөн акын Дантести эрөөлгө чакыргандыгы айтылат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан