9- Февраль 2002 -жылы "Дискотека авария" тобунун ырчысы, рэпер Олег Жуков көз жумган
"Дискотека авария" тобунун ырчысы, рэпер Олег Жуков 28 жашында көз жумган. Ырчы 1973-жылы 11-октябрда Орусиянын Иваново шаарында жарык дүйнөгө келген. 1988-жылдан баштап куурчак театрында иштеп, спектаклдердин каармандарынын үнүн коштогон. 1991-жылдан тарта достору Николай Тимофеев жана Алексей Рыжов түзгөн "Дискотека Авария" тобунун курамында ырдаган. Радиого жана топтун ырларына музыкалык рекламаны көп учурда Рыжов аткарган. 2001-жылдын август айында ага баш мээнин шишиги деген диагноз коюлуп, сентябрда операция жасалган. "Дискотека авариянын" ырчынын катышуусундагы акыркы клиби "На острие атаки" деп аталат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан