9- Февраль 1984 -жылы
СССРдин башчысы Юрий Андропов көз жумган
Советтик саясий жана мамлекеттик ишмер Юрий Андропов көз жумган. Ал 1914-жылы 15-июнда Ставропольск крайында төрөлгөн. 1930-жылы механикалык устаканаларда темир уста болуп иштеп эмгек жолуна кадам таштап, телеграф жумушчусу, кемелерде матрос болуп иштеген. 1936-жылы Рыбинск шаарындагы суу транспорту техникумун бүтүрүп, 2 жылдан кийин Ярослав олустук комитетинин жаштардын бүткүл союздук лениндик коммунисттик союзунун биринчи катчысы болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында партизандык отряддарды, райондук комитеттерди уюштуруу иши менен алектенген.
1944-жылы сентябрда Петрозаводск шаардык комитетинин экинчи катчысы, 1947-жылдын январында Карелиянын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 2-катчысы болгон. 1953-жылы СССРДин Тышкы иштер министрлигинде иштеп, 1954-1957-жылдары СССРдин Венгер Элдик Республикасындагы толук кандуу элчиси болуп болуп дайындалган. Мындан тышкары бир катар саясий кызматтарды аркалап, 1982-жылы ноябрда Ю.Андропов Советтер Союзунун комунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы болгон. Ал бийликте турган мезгилде өлкөнү социалдык-экономикалык жактан кайра курууга багытталган курсту жарыялаган. СССРдин башчысы кызматында 1 жылдан ашык убакыт турган. Ал 15 айлык башкаруусу учурунда партиялык аппараттын кызматкерлерине тартипти бекем кылып, жумушчу орундарында эмгек дисциплинасын орноткон. Ошондой эле ал СССРдеги паракорчулук маселеси менен күрөшүүнү күчөткөн.