9- Февраль 1895 -жылы АКШда волейбол оюну ойлоп табылган
АКШнын Массачусетс штатындагы Холиоке шаарында жайгашкан Жаш христиандар ассоциациясынын спорт залында аталган уюмдун физикалык жактан даярдык боюнча башчысы Уильям Морган топ менен ойнолуучу жаңы командалык оюнду - волейболду ойлоп тапкан. Ал баскетбол, бейсбол жана гандболдун элементтерин аралаштырып, теннистин торундай торду адамдын боюнан бийик болушу үчүн жерден 196 сантиметр бийиктикте илген. Оюндун катышуучуларынын санына чек коюлган эмес. Спорттук оюнду алгач минтонет деп аташкан. Бир жылдан соң, 1896-жылы Спрингфилд шаарында бул оюн коомчулукка көрсөтүлгөн. Профессор Альфред Хальстед "минтонетти" "волейбол" (учуп бараткан топ) деп өзгөртүүнү сунуштаган. 1900-жылдан баштап волейбол дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тарап, популярдуулукка жеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан