9- Февраль 1887 -жылы көрүнүктүү советтик аскер башчы Василий Чапаев төрөлгөн
Советтик аскер башчы, жарандык согуштун баатыры Василий Чапаев Орусиянын курамындагы Чувашия Республикасынын Будайка кыштагында төрөлгөн. 1908-жылдын күз айларында армияга чакырылып, Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен фронтко мобилизацияланган. Согуштагы эрдиги жана тайманбастыгы үчүн 4 ирет наамдарга ээ болуп, подпрапорщиктин чинин алган. 1917-жылдын декабрь айында запастагы жөө жүрүүчү аскер бөлүгүнүн командири, бир жылдан кийин Николаев уезди боюнча ички иштер комиссары болуп дайындалып, Кызыл гвардиячылардын отрядынын командири кызматын аркалаган. 1919-жылдын апрелинде 25-аткычтар дивизиясын башкарып, эрдик көрсөткөн. В.Чапаев 1919-жылдын 5-сентябрында казактардын күтүүсүз жерден чабуул коюшунун натыйжасында жаракат алып, каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан