9- Февраль 1981 -жылы "Тор" тасмасы аркылуу атактуулукка жеткен британиялык актёр Том Хиддлстон туулган
Белгилүү британиялык актёр, "Алтын Глобус" сыйлыгынын ээси Том Хиддлстон Улуу Британиянын Лондон шаарындагы Вестминстер районунда жарык дүйнөгө келген. Мектеп жашынан актёрлук кесипке кызыгып, рекламалык роликтердеги актёрлорду туураган. Мектепти аяктаган соң театралдык ийримге барып, чоң сахнада спектаклдерде роль жараткан. 2001-жылы "Николас Никльбинин жашоосу жана жоруктары" деген тасмада эпизоддук роль аткарып, кинодогу дебютун жасаган. Анын 2007-жылы чыккан "Чоочун" аттуу тасмадагы ролу алгачкы маанилүү ролу болуп саналат. 2008-жылы "Жейн Остиндин сүйүүдөгү жол болбой калуулары" фильмине тартылып, бул тасма анын карьерасынын өсүшүнө түрткү болгон. 2011-жылы "Тор" тасмасындагы Локинин образын жаратып, калың элге таанылган. Мындан тышкары актёр "Парижде түн ортосу", "Өч алуучулар", "Көңүлдөштөр гана аман калышат" тасмалары аркылуу миңдеген көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө татыган. 
Актёр учурда бойдок. Ал Жессика Честейн, Кэт Деннингс, Скарлетт Йохансон, Сюзанна Филдинг, Аманда Гроссман, Тейлор Свифт аттуу белгилүү айымдар менен сүйүү мамилесинде болгон деген маалыматтарды басылмалар жазып келишет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан