Популярдуу британиялык ырчы Робби Уильямс Улуу Британиянын Сток-он-Трент шаарында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө пьесаларда, мюзиклдерде башкы ролдорду аткарып, футболдук командада ойногон. 1990-жылы мектепти аяктап, өзүн шоу-бизнес тармагында сынап көрүүнү чечет. "Take That" тобу ырчы издеп жатканын угуп, "Nothing Can Divide Us" ырын аткарып, топтогу ырчылардын катарына кошулган. 1991-жылы "Take That" тобу "Take That And Party" деп аталган өзүнүн алгачкы ырлар жыйнагын чыгарган. Ал хит-парадда алдыңкы орундардан түшпөй, Улуу Британиядагы эң көп сатылган жыйнактардын арасынан 2-орунда болгон. 1995-жылдын жайында Р.Уильямс топтон кетип, көп өтпөй "Take That" тарап кеткен.