15- Февраль 1989 -жылы Советтик аскерлер Ооганстандан толугу менен чыгарылган
Советтик аскерлердин тобу толугу менен Ооганстандан чыгарылган. Аскерлерди ал аймактан чыгаруу СССР жана АКШнын бийлиги Ооганстандын иштерине кийлигишпөө тууралуу сүйлөшкөн соң, 1988-жылы 15-майда башталган. Бул согушта Кыргыз мамлекетинен барган 7 миң чамалуу аскердин 252си курман болуп, 1500ү жаракат алган. Төртөө азыркы күнгө чейин дайынсыз. Тарыхчылар жана аналитиктер Ооганстандагы согушту Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки көп кан төгүлгөн аскердик конфликт деп аташат. Ошондой эле ал согуштан 14 миңден ашуун советтик аскер кайтпай калган. 1979-жылы 8-октябрда Ооганстандын Элдик-демократиялык партиясынын негиздөөчүсү Нур Мухаммад Тараки бийликтен кулатылып, өлтүрүлгөн. Ушундан улам Советтер Союзунун коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросу Ооганстанга аскердик жардам көрсөтүү максатында советтик аскерлерди киргизүү тууралуу расмий чечим кабыл алган. 1979-жылы 25-декабрда аталган өлкөгө 40-армиянын курамындагы, генерал-лейтенант Юрий Тухариновдун башчылыгы астында советтик аскерлер киргизилген. Ооган оппозициясынын башчысы, контрреволюциячыл төңкөрүштөн кийин бийликке келген Хафизулла Аминди бийликтен четтетүү боюнча операция жасалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан