16- Февраль 1941 -жылы айтылуу "Бакайдын жайыты" тасмасынын сценарийин жазган чыгаан жазуучу Кадыркул Өмүркулов төрөлгөн
Айтылуу "Бакайдын жайыты" тасмасынын сценарийин жазган чыгаан жазуучу Кадыркул Өмүркулов Сокулук районундагы Жыламыш айылында төрөлгөн. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун бүтүргөн. Анын “Жылдыздуу түн”, “Жер касиети”, “Акжолтой”, “Миң булак”, “Мөңгү муңу” аттуу повесттер жана аңгемелер жыйнактары, орус тилиндеги 10го жакын китеби которулуп басмадан жарык көргөн. Ал эми кино жаатында анын сценарийи боюнча тартылган 50дөн ашык кинотасмалар бар. Ошонун ичинен 12 көркөм тасма, калганы даректүү, илимий популярдуу жана телефильмдер. Алардын дээрлик көпчүлүгүнө эл аралык кино фестивалдарда байгелер ыйгарылган. Алтоосуна режиссёрлор дипломдук иш жактаган. Ал Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров жана башка кыргыздын мыкты кинорежиссёрлору менен иштешип келген. Анын башкалардан айырмасы - чыгармаларын кыргызча, орусча бирдей жазган. “Эл достугу” орденинин, “Даңк” медалынын ээси. Чыгармачылык менен катар маданият тармагында анын сиңирген эмгеги зор. Кыргыз мамлекеттик кино, мамлекеттик телерадиосунда, жаңылык басылмалар агенттигинде жооптуу кызматтарды аркалаган. Кадыркул Өмүркулов өзү дипломдук курска келгенде “Эски тегирмен” деген киносценарий жазган. Бүтөйүн деп калганда Төлөмүш Океев менен таанышып калып, Фрунзе шаарына келген. Сүйлөшүп отуруп, чыгармачылык көз караштары дал келгендей жакын мамиледе болуп калышкан. Жылдыздары келишкен эки талант кийин дипломдук иштери тууралуу бир бүтүмгө келишет. Балалык кездерди эстеп отуруп, ошол тууралуу жакшы кино тартууну максат кылышат. Башкы каарманы жылкычы болуш керек. Бирге отуруп алып кеңешип, ойлонуп, күн сайын пикир алмашуу, талаш-тартыштар менен жарым жылда “Бакайдын жайытын” жазышат. Түшкө чейин күнүгө сырдашып, талашып-тартышып, түштөн кийин өз-өзүнчө ишке киришишет. Ошо менен Кадыркул Өмүркулович дипломдук ишине деген мурунку сценарийин токтотуп “Бакайдын жайытын” жазган. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кадыркул Өмүркулов 6-декабрда 72 жаш курагында дүйнө салган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан