23- Февраль 1889 -жылы "Шамалга буюккандар" тасмасын жараткан америкалык режиссёр Виктор Флеминг төрөлгөн
Атактуу америкалык режиссёр Виктор Флеминг АКШнын Калифорния штатындагы Пасадина шаарында жарык дүйнөгө келген. Алгач фотосүрөтчү жана автожарышчы болуп иштеп, 1911-жылы оператордун жардамчысы болуп кино дүйнөсүнө аралаша баштаган. Биринчи Дүйнөлүк согуш учурунда чалгындоо иштеринде аэрофотосъёмка менен алектенген. Кийин президент Вудро Вильсондун Европа өлкөлөрүнө болгон саякатында операторлук кызматты аркалаган. 1919-жылы "Булуттар көтөрүлгөндө", "Эрке" тасмаларына режиссёрлук кылып, бул тармакта дебютун жасаган. 1920-жылдары Флеминг ар кандай жанрдагы фильмдерди жараткан. Алардын арасында популярдуу мюзикл "Оз өлкөсүнүн сыйкырчысы" дагы бар. Анын эң мыкты тасмасы жазуучу Маргарет Митчеллдин романынын негизинде тартылган "Шамалга буюккандар" ("Унесённые ветром") болуп эсептелет. 1940-жылы аталган фильм үчүн режиссёр "Оскар" сыйлыгын алган. В.Флеминг 1949-жылы 6-январда жүрөк пристубунан улам АКШнын Аризона штатындагы Коттонвуд шаарында дүйнө салган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан