28- Февраль 2017 -жылы
Сейрек кездешүүчү оорулардын эл аралык күнү
Сейрек кездешүүчү оорулардын эл аралык күнү. Максаты - сейрек кездешүүчү оорулар менен ооруган адамдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана мындай оорулардын адамдардын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу маалымат берүү. Бул күндү белгилөө демилгеси сейрек кездешүүчү ооруларды изилдөөчү EURORDIS европалык уюмуна таандык. Серепчилердин айтымында, дүйнөдө 5-7 миң чанда кездешүүчү илдет бар. Алардын катарына Ниман-Пик, гоше, гентингтон, альцгеймер, муковисцидоз, гемофилия, миелома, рактын ар кандай түрлөрү жана башкалар кирет.