22- Август 1847 -жылы Казакстандын Копал шаарында кыргыздар менен казак урууларынын ортосундагы тынчтык келишимге кол коюлган
Кыргыздар менен казак урууларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр казактардын Копал шаарында жүргүзүлүп, эки тараптуу келишимге кол коюлган. Эки тараптын ийри отуруп, түз кеңешине буга чейин эки эл ортосунда орун алган барымтачылык, жер талаш жана орунсуз кагылыштар себеп болгон.
Кыргыз-казак келишимине Орусия империясы ортомчу болуп, ал каршылашкан тараптарды маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү оң экендигине ынандырган. Копал келишиминен кийин боордош калктар ортосундагы мамиле жөнгө салынган жана анда каралган келишим жобосунун сакталышына Орусия империясы кепилдикке кирген. 
Келишимге кыргыз тарабынан Үмөтаалы Ормонов, Жантай Атекин, Жангарач Исхожин, Токтор Карачынаровдун колу коюлуп, мөөрлөрү басылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан