28- Февраль 1972 -жылы
"Кукушка" тасмасы аркылуу таанылган фин жана орус актёру Вилле Хаапасало туулган
"Диверсант", "Кукушка" тасмалары аркылуу таанылган, "Муз доору" долбоорунда Татьяна Навка менен бийлеп, 2-орунду алган орус-фин актеру Вилле Хаапасало Финляндиянын Холлола шаарында жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы жарыкка чыккан "Улуттук аңчылыктын өзгөчөлүктөрү" тасмасында өзүнүн алгачкы ролун жараткан. Актёр "Кукушка" тасмасына тартылгандан кийин калың элге таанылган. Аталган фильмдеги ролу үчүн 2003-жылы Орусиянын мамлекеттик сыйлыгына татыган. В.Хаапасало жалпысынан орус жана фин кинолорунда 40тан ашык роль жараткан. Ошондой эле анын Орусияда өзүнүн киностудиясы бар.
2005-жылы Финляндиядагы телевидениеде алпаруучу болуп иштеп, чыгармачылыкка аралаша баштаган. 2 жылдан кийин орустардын "Главная дорога" программасын, 2010-жылы Александр Олешко менен биргеликте белгилүү "Даңк мүнөтү" көрсөтүүсүн алпарган.
Жеке жашоосу
1995-жылы институтту аяктаган соң фин актрисасы Саара Хедлундга үйлөнгөн. Жылдыздар 3 балалуу болгон соң ажырашып кетишкен. Андан кийин режиссёр Тина Баркалая менен сүйүү мамилесин куруп, 2009-жылы уулдуу блушкан.