2- Март 1931 -жылы СССРдин президенти Михаил Горбачёв туулган
Советтик жана орусиялык саясатчы, коомдук ишмер, СССРдин жалгыз президенти Михаил Горбачёв Ставраполь крайында жарык дүйнөгө келген. 16 жашынан комбайнда иштеп, көп эгин алгандыгы үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Мектепти күмүш медаль менен аяктап, Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырган. Студент кезинде келечектеги жубайы Раиса Максимовнаны жолуктурган. Жогорку окуу жайын бүтүргөн соң прокуратурада иштеген. 1962-жылы Горбачёв патиялык ишмердүүлүккө аралаша баштаган. 1966-жылдын сентябрь айында Страврополь шаардык комитетинин партиясынын биринчи катчысы, 1970-жылдын апрелинде Страврополь крайынын комитетинин Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп иштеген. 1971-жылдан баштап ал Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин курамына кирген. 1985-жылдын март айында Константин Черненконун өлүмүнөн кийин СССРдин КП БКсынын башкы катчысы болгон. М.Горбачёвдун СССРди башкарып турган мезгили "Кайра куруу" деп аталган. Себеби, ал бийликте турганда саясий жана коомдук турмуштун демократизацияланышы ишке ашкан. 1989-жылы СССРде биринчи жолу Эл депутаттарын альтернативдик шайлоо өткөн. Тышкы саясатта ал алгылыктуу иштерди жасаганга жетишкен. Ага мисал катары совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышын, "Кансыз согуштун" аякташын, Германиянын биригишин айтсак болот. 1990-жылы ал Советтер Союзунун алгачкы жана акыркы президенти болгон. Горбачёвдун ишмердүүлүгү улуттар аралык карама-каршылыктарга алып келип, натыйжада СССР тарап кеткен. 1991-жылдын 25-декабрында ал президенттиктен кеткендигин жарыялаган. 1992-жылы Горбачёв Эл аралык социалдык-экономикалык жана саясий изилдөөлөрдүн фондунун президенти, 1996-жылы Эл аралык Жашыл Крест башкармалыгынын төрагасы болгон. 1996-жылы М.Горбачёв Орусия Федерациясынын президенттигине өзүнүн кандидатурасын койгон. 2001-2004-жылдары Орусиянын социал-демократтар партиясынын лидери, 2007-жылы "Социал-демократтардын союзу" бүткүл орусиялык коомдук кыймылынын башчысы болгон. М.Горбачёв көптөгөн китептердин автору, ал жөнүндө бир нече даректүү тасмалар тартылган. 1990-жылы "Нобель" сыйлыгын алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан