3- Март 1986 -жылы
"Дордой" футболдук клубунун коргоочусу Даниэл Тэго төрөлгөн
"Дордой" футболдук клубунун коргоочусу, "кара кыргыз" атыккан футболчу Даниэл Тего (толук аты-жөнү Даниэл Нии Арма Тего) Батыш Африкадагы Гана Республикасынын Аккра шаарында жарык дүйнөгө келген. 2008-жылдан тарта Кыргыз мамлекетинде жашайт. Маалыматтарга караганда, Даниэл Ганадагы жергиликтүү бир уруунун падышасынын уулу. 2015-жылы Элнура атуу кыргыз кызына үйлөнгөн. Былтыр апрель айында түгөйлөр кыздуу болушуп, ага Данэлия деген ысымды ыйгарышкан. Футболчу Кыргыз өлкөсүнө келген соң ислам динин кабыл алган.