9- Март 2017 -жылы Ди-джейлердин бүткүл дүйнөлүк күнү
Бүткүл дүйнөлүк ди-джей күнү. Бул күн расмий майрам эмес, 2002-жылдан тарта Эл аралык клубдук индустриянын атынан өткөрүлүп келе жаткан кайрымдуулук акциясы болуп саналат. Жыл сайын ушул күнү бүткүл дүйнө жүзүндө балдар уюмдарына жардам берүү максатында кайрымдуулук акциялары болуп турат. Алгач мындай иш-чаралардын демилгечилери Дүйнөлүк ди-джейлердин фонду жана чоңдорду, балдарды музыканын жардамы аркылуу дарылаган Nordoff Robbins Music Therapy уюму болгон. Салтка ылайык, аталган майрамда ди-джейлердин, клубдардын, радиостанциялардын тапкан кирешеси ар кандай балдар фонддоруна жана мекемелерине жумшалат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан