10- Март 1945 -жылы
АКШнын аскердик-аба күчтөрү Токиого бомба таштап, 100 миңге чукул киши көз жумган
Экинчи дүйнөлү согуш учурунда АКШнын аскердик-аба күчтөрү Токиого бомба таштап, 100 миңге чукул киши көз жумган. Ага 334 бомбалоочу B-29 үлгүсүндөгү учактар катышып, алардын ар бири напалм жана бомбанын бир нече тоннасын ташташкан. Натыйжада кварталдарда чоң өрттөр чыгып, миңдеген адамдардын өмүрүн алган.