16- Март 2017 -жылы
Журналисттер сөз эркиндиги боюнча жыйын өткөрүшкөн
Бишкекте "Журналисттердин көз карандысыз" бирикмеси жыйын өткөргөн. Анда медиа айдыңындагы кырдаал талкууланган. Ага "Журналисттердин көз карандысыз" бирикмесинин төрайымы Тамара Валиева, медиаэксперт Азамат Тынаев, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, юрист Клара Сооронкулова, активист Адиль Турдукулов, саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочулар Калича Умуралиева, Динара Ошурахунова, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу, ИИМдин басма сөз кызматынан Бакыт Сейитов катышкан. Жыйын соңунда журналисттердин резолюциясы кабыл алынган.