16- Март 1884 -жылы белгилүү фантастикалык чыгармалардын автору Александр Беляев төрөлгөн
Орусиялык жана советтик жазуучу, белгилүү фантастикалык чыгармалардын автору Александр Беляев Смоленск шаарында төрөлгөн. Атасынын өлүмүнөн кийин сүрөт тартып, скрипкада ойноп акча тапкан. Лицейди аяктаган соң юрист болуп иштеп, чет мамлекеттерге чыгып турган. 1914-жылы өз кесибин таштап, адабият тармагына өткөн. 35 жашында омуртканын туберкулёзунан жабыркап, 6 жыл төшөктө жатып калган. 1920-жылдары ал "Өлгөн кемелердин аралы", "Адам-амфибия" сыяктуу белгилүү эмгектерин жараткан. Андан тышкары жазуучунун "Профессор Доуэлдин башы", "Дүйнө шаасы", "Жүзүн жоготкон адам", "Ариэль" деген романдары бар. Жалпысынан анын 20дан ашык повесть, романдары, ондогон аңгеме, эссе, очерк, рецензия, сын макалалары, пьеса жана публицистикалык чыгармалары бар. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда А.Беляев блокадалык Ленинграддан кетүүдөн баш тарткан. 1942-жылы 6-январда дүйнөдөн кайткан. Орус фантастикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн аны "орустун Жюль Верни" деп аташкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан