20- Март 2017 -жылы Астрология илиминин эл аралык күнү
20-март астрология илиминин эл аралык күнү. Майрам расмий таанылбаса да астрология илиминин сүйүүчүлөрү күн менен түн теңелген күндү кесиптик майрамы деп белгилеп келишет. Жылдыздарга ишенип, асман мейкиндигиндеги телолорго кызыккандардын күнү кээ бир учурда 19- жана 21-мартка туш келип калгандыктан, бир күндө белгилөө үчүн астрологдордун тобу 20-мартты астрология илиминин күнү деп атоону чечишкен. Астрология илимин жер жүзүндөгү көпчүлүк диндер сынга алышканы менен, акыркы убактардагы статистика илимге кызыккандардын саны көп экендигинен кабар берет. Психологдор "өзүнө ишенбеген адамдар гана жылдыздар төлгөсүнө ишенет" дешкени менен астрологдорго кайрылгандардын арасында саясатчылар, ишкерлер дагы бар экени айтылып келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан