21- Март 1991 -жылы ырчы Нооруз Алымбаев туулган
Ырчы Нооруз Алымбаев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда туулган. Ал бала кезинен ырдаганга кызыгып, ырчы болууну кыялданчу. Мектепте кечелерде ырдап, кийинчерээк "Ак марал" бий ансамблинде бийлеген. Чоңойгондо ырчылык жагып, ушул кесипке токтолгон. Мектепти аяктагандан кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктап, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. Көпчүлүккө казактардын "Көк жөтөл" аталышындагы элдик ырын кыргызча ырдап таанылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан