22- Март 1895 -жылы
Парижде дүйнөдөгү алгачкы кинотасма көрсөтүлгөн
Париж шаарында "Жумушчулардын ишканадан чыгышы" деген аталыштагы алгачкы кинотасма тар чөйрөдө көрсөтүлгөн. Узактыгы 1 мүнөткө созулган даректүү фильмдин режиссёру, оператору жана продюсери Луи Жан Люмьер болгон.
Бул окуяга чейин ага-ини Луи жана Огюст Люмьерлер өздөрү ойлоп табышкан "Синематограф" аппаратына патент алышкан.
Бирок кинонун туулган күнү деп 1895-жылдын 28-декабрын аташат. Себеби ушул күнү Капуцинок бульварында бир тууган Люмьерлер калың элге дүйнөдөгү алгачкы кыска метраждуу тасманы - "Ла Сьота бекетине поезддин келишин" көрсөтүшкөн.