23- Март 2017 -жылы
Метеорологиянын бүткүл дүйнөлүк күнү
Метеорологиянын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун демилгеси менен БУУнун колдоосу астында белгиленет. 1961-жылдан бери белгиленип келе жаткан бул күндүн девизи "Маалымат доорундагы аба ырайы, климат жана суу". Жыл сайын дүйнөнүн булуң-бурчунда бул күнү атайын бир теманын тегерегинде пропагандалык маанайдагы иш-чаралар өткөрүлөт.
1950-жылы 23-мартта Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун түзүлгөндүгү тууралуу конвенция күчүнө кирген. Уюм аба ырайы, климат жана суу маселелерин талкуулап, чечүү менен алектенет.