25- Март 2017 -жылы Садыр Жапаров СИЗОго камалган
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров УКМК кызматкерлери аркылуу кыргыз-казак чек арасынан өткөндө кармалган. Буга Бишкекте аны колдоо митинги өткөн. Ага жалпысынан миңден ашуун адам катышкан. Нааразычылык акция саат 11:30да Кыргыз-Казак чек арасынын "Ак-Жол" бекетинен башталып, саат 13:00дө Бишкектеги М.Горький сейил багынан уланды. Митингдин жүрүшүндө башаламандык башталып, УКМКнын алдында милиция кызматкерлери тарабынан 105 адам кармалган. Сот 64 адамды 2 суткадан 5 суткага чейин камакка алуу, 12 адамга айып пул салуу боюнча чечим чыгарганы маалым болду. Калгандар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн соң коё берилгени айтылды. Ал эми Садыр Жапаров тергөө иштери бүткөнгө чейин СИЗОго камакка алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан