13- Март 2017 -жылы
"Дыйкан" базарынын соодагерлери митинг өткөрүшкөн
Ак Үйдүн алдына "Дыйкан" базарынын соодагерлери митинг өткөрүшкөн. Алар Ленин районунун администрациясы менен Бишкек шаардык мэриясы базарды башка жакка көчүрүү аракетин көрүп жатканын айтышкан. 100дөн ашуун митингчи шаар мэри Албек Ибраимовдун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Жыйынтыгында "Дыйкан" базарына кетчү жолдун эки тарабы казылып, оңдоо үчүн жабылган.