26- Март 2017 -жылы мейманканаларды 1 суткага ижарага берүүгө тыюу салуу мыйзамына каршы жарандар митингге чыгышкан
Максим Горький атындагы сейил бакта батирлерди бир нече саатка же суткага мейманкана иретинде ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы жарандар тынч митингге чыгышкан. Анда 50дөй мейманкана иштеткен тургундар мыйзам туура эмес кабыл алынганын, өзгөртүү киргизүү зарылдыгын жана алар жумушсуз калганын айтышкан. Митингчилер Ак үйгө чейин келип, депутаттардын эл менен жолугуп, элдин жогоруда аталган мыйзам боюнча ой-пикирин угууну талап кылышкан. Бир нече саат күтүшкөн соң алар менен жолугушууга депутат Кожобек Рыспаев чыгып, ойлорун уккан. Митингчилер депутат менен тил табыша албай тарап кетишкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан