11- Март 2017 -жылы Бишкекте сейил бакты жок кылууга каршы митинг өткөн
Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын алдына "Шаардык демилгелер" коомдук фондунун мүчөлөрү жана шаар тургундары калаадагы эс алуу бактарындагы дарактарды кыйып, курулуштарды жүргүзүп жаткандарга каршылык билдирип чыгышкан. Бул тынчтык митингине 20га жакын адам чогулган. Алар Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайда 50дөй даракты "Жашылдандыруу" ишканасы кыйып кеткенин билдиришкен. Ал жер балдар ойноочу жай экенин айтып, сейил бакты кыюуну токтотууну мэриядан талап кылышкан. Жыйынтыгында Бишкек шаарындагы Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайына салына турган көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулган. Бир айдан кийин кайра курулуш иштери башталганын айтып чыгышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан