3- Апрель 1924 -жылы Легендарлуу америкалык актёр Марлон Брандо төрөлгөн
"Оскар" сыйлыгынын статуэткасынын 2 жолку ээси, "Алтын глобустун" эки жолку лауреаты, "Эмми" жана Канн кинофестивалынын сыйлыктарын алган, тарыхтагы залкар актёрлордун бири, америкалык Марлон Брандо АКШнын Небраска штатынын Омаха шаарында жарык дүйнөгө келген. 50 жылдан ашык убакытты камтыган карьерасында 40 тасмага тартылып, алардын көпчүлүгү дүйнөлүк кинонун алтын фондуна кирген. Алгачкы жолу "Эркектер" ("Мужчины") тасмасына тартылгандан кийин сынчылар актёрго жакшы баасын беришип, финдердин киносыйлыгына татыган. Бирок М.Брандого чыныгы атак-даңкты "Трамвай "Каалоо" ("Трамвай "Желание") тасмасындагы ролу алып келген. Бул фильм кинематографтын классикасы деп аталып, азыркы убакка чейин дүйнөнүн эң мыкты тасмаларынын катарын толуктайт. Ал эми "Портто" ("В порту") фильминдеги ролу үчүн актёр 1954-жылы "Оскар" сыйлыгын алган. Аталган тасма 20-кылымдын эң мыкты 100 кинокартинасынын катарында. 1972-жылы "Өкүл ата" ("Крёстный отец"), "Париждеги акыркы танго" ("Последнее танго в Париже"), фильмдерине тартылган. "Өкүл атадагы" ролу үчун экинчи ирет "Оскар" сыйлыгын алган. М.Брандо 90-жылдары диабеттен улам 135 килограммга чейин толуп кеткен. Андан сырткары эс тутуму начарлап, көрүүсү начарлай баштаган. Көп өтпөй ага боордун рагы диагнозу коюлган. Актёр 2004-жылдын 1-июлунда ооруканада 80 жашында каза болгон. 
 
Жеке жашоосу
 М.Брандо көптөгөн аялдардын жүрөгүн багынткан актёр катары дагы белгилүү болгон. Ал жылдыздар менен кыска сүйүү романдарын башынан өткөргөн. Алардын арасында атактуу актриса Мэрилин Монро дагы бар. Ал эми расмий түрдө 3 жолу никеге турган. 1957-жылы индиялык актриса Анне Кашфи менен баш кошуп, Кристиан Деви аттуу уулдуу болгон. 1959-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Бир жылдан кийин актёр өзүнөн 7 жашка улуу мексикалык актриса Мовита Кестанедага үйлөнгөн. Экөө Ребекка деген кыздуу жана Мико Кастанедо аттуу уулдуу болушкан. Бул жолу дагы үйлөнгөндөн көп өтпөй жылдыздар ажырашып кетишкен. 1962-жылы Брандо 20 жаштагы таитилик актриса Тарита Териипияга баш кошкон. Бул никеден Симон деген уулдуу, Тарита Чейнни аттуу кыздуу болушкан. Түгөйлөр 10 жыл бирге өмүр сүргөн соң ажырашкан. Андан кийин актёр үйлөнгөн эмес, бирок Мария Кристина аттуу айым менен мамиле куруп, 3 балалуу болушкан. М.Брандонун никеден сырткары бир нече балдары болгон. Өзүнүн айтуусунда, жалпысынан 14 баланын атасы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан