3- Апрель 1989 -жылы алып баруучу, шоумен Санжар Мыкыев төрөлгөн
Алып баруучу, шоумен Санжар Мыкыев Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Түбү Алайдан болот. Оштогу кыргыз-түрк лицейин аяктап, андан соң "Ала-Тоо" университетинен билим алган. Студент кезинде "Тамашоу" Лигасынын "Достук" командасынын капитаны болуп, калың элге таанылган. Кесиби - программист. 2012-жылдан баштап "Тамашоудогу" бир нече командалардын оюнчуларынан куралган "Тамадалар" командасында ойной баштаган. Учурда "Салам, Кыргызстан" телеберүүсүнүн алпаруучусу. 2013-жылы ноябрь айында сүйүктүүсү Наристе менен баш кошкон. Түгөйлөрдүн 2 жаштагы кызы бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан