5- Апрель 1916 -жылы Легендарлуу америкалык актёр Грегори Пек төрөлгөн
Легендарлуу америкалык актёр Грегори Пек АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего шаарынын Ла-Холья районунда төрөлгөн. Лос-Анжелестеги аскер академиясында билим алып, Калифорния университетинде окуп, актёрдук чеберчиликти өздөштүргөн. 1939-жылы илимдин бакалавр даражасын алып, Нью-Йоркко көчүп барып, жанын багуу үчүн ар кандай жумуштарда иштеген. Ал жерден дагы престиждүү мектептен актёрдук чеберчилик боюнча сабак алган. 1943-жылы Пек "Атак-даңктын күндөрү" ("Дни славы") тасмасына тартылып, кинодогу дебютун жасаган. 1945-жылы "Падышалыктын ачкычтары" ("Ключи от царства") фильминде алгачкы жолу башкы ролдо ойногон. Бул тасма ага атактуулук алып келген. Кинодогу ролдору аркылуу актёр чыныгы мырзанын эталону деп эсептелип калган. Ал эми 1947-1952-жылдары Г.Пектин ысымы америкалык кинонун эң белгилүү 10 актёрунун катарына кирген. Ал эми 1953-жылы белгилүү актриса Одри Хепберн менен чогуу тартылган "Римдеги эс алуу" ("Римские каникулы") киносунда актёр ролун чеберчилик менен аткарып, тасма көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган. 50 жылдык карьерасында жалпысынан 50дөн ашуун фильмде роль жараткан. Аларды катарында "Сары асман" ("Желтое небо"), "Күн астындагы эрөөл" ("Дуэль под солнцем"), "Моби Дик", "Чоң өлкө" ("Большая страна"), "Закым" ("Мираж"), "Одри Хепберндин окуясы" ("История Одри Хепберн") жана башкалар бар. Актёр бир нече жолу Оскар сыйлыгына көрсөтүлүп, 1963-жылы чыккан "Күлдүргүч адамды өлтүрүү" ("Убить пересмешника") тасмасындагы ролу үчүн аталган сыйлыкты алган. Грегори Пек 2003-жылы 12-июнда каза болгон. Жеке жашоосу Актёр эки ирет үй-бүлө курган. Биринчи жубайы Гиета Кукконен экөө 3 уулдуу болушкан. Ал эми анын экинчи жубайы француз журналисти Вероник Пассани болгон. Түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк союзу 48 жылга уланып, бир кыздуу жана уулдуу болушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан