6- Апрель 2017 -жылы Спорттун эл аралык күнү
Спорттун эл аралык күнү. 2013-жылдын 23-августунда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы бул майрамды негиздегендиги тууралу чечим кабыл алган. Бул күндүн расмий аталышы - Тынчтык жана өнүгүүнүн пайдасына Эл аралык спорт күнү. Майрамды негиздегендердин пикиринде, Эл аралык спорт күнү 23-июнда белгиленген Эл аралык олимпиада күнүнө толуктоо катары киргизилген. Спорт күнүндө дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар спорттук мелдештерге катышып, күчтөрүн сынашат. Ал эми Кыргыз мамлекетинде 2014-жылдан тартып 6-апрелде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленип келет. Бул тууралуу токтом 2014-жылдын 11-январында БУУнун Эл аралык спорт күнүнө байланыштуу чечимине ылайык кабыл алынган. Ага чейин 1993-жылы 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүн сентябрдын акыркы ишембисинде белгилөө тууралуу токтом кабыл алган. 1925-жылдын 8-апрелинен баштап Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун дене тарбия жана спорт боюнча облустук кеңеши ишке кирген. Ага шаардык, райондук, округдук кеңештер караган. Бул уюмдар аскердик ишке жана спорттун классикалык түрлөрүнө үйрөткөн. 1927-жылы 24-июнда Кыргыз мамлекетинде алгачкы жолу дене тарбия майрамы белгиленген. Анда жеңил атлетика, жаа атуу, футбол, баскетбол оюндары боюнча мелдештер өткөрүлгөн. 1936-жылы 27-июлда Кыргыз ССРинде Дене тарбия иштери боюнча республикалык комитет түзүлгөн. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети негизделген. 2008-жылдан бери өлкөнүн спорт тармагынын өнүгүшүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жаштар иши жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги жооптуу.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан