11- Апрель 1919 -жылы Эл аралык эмгек уюму негизделген
Улуттар Лигасынын алдында Эл аралык эмгек уюму түзүлгөн. Аталган уюм социалдык адилеттүүлүктүн, эмгек тармагындагы адам укуктарынын принциптерин өнүктүрүү максатында негизделген. Эл аралык эмгек уюму эмгек менен байланыштуу мыйзамдар боюнча конвенцияларды жана рекомендацияларды чыгаруучу, социалдык-экономикалык прогресске, адамдардын эмгек шарттарын жакшыртууга, алардын укуктарын коргоого көмөктөшкөн биринчи өкмөт аралык уюм болгон. Уюмдун биринчи жыйыны 1919-жылы Вашингтон шаарында өткөн. Альбер Тома аттуу Француз жараны Эл аралык эмгек уюмунун башкы мүдүрү болуп дайындалган. Ага 45 мамлекет кирген. 1946-жылы бул уюм Бириккен Улуттар Уюмунун биринчи адистештирилген агенттиги болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан