30- Апрель 2017 -жылы Пакистанда автобус капчыгайга кулап, 11 киши көз жумган
Пакистандын түндүк-батышында жүргүнчү ташуучу автобус капчыгайга кулап, 11 киши көз жумган. Кырсык Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Жогорку Дир районунда болгон. 10 адам окуя болгон жерден, бирөө ооруканадан каза болгон. Көз жумгандардын арасында 3 кичинекей бала болгон. Жергиликтүү полиция 9 адам жаракат алганын, жамгырдан кийин жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктын келип чыккандыгын билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан