1- Май 2017 -жылы
Колумбияда учак кыйрап, 8 адам көз жумган
Түштүк Американын Колумбия өлкөсүндөгү Факататива шаарына жакын жерде учак кыйрап, 8 адам каза болгон.
Учактын бортунда 14 киши болгон. Алар Колумбиянын борбору Боготадагы Гуаймараль аэропортунан чыгып, Толемаида аскердик базасына бара жаткан. Такталбаган маалыматтарга караганда, курман болгондордун арасында 3 аскер кызматкери болгон. Башка маалыматта каза болгондордун баары аскер кызматкери экени айтылат. Ошондой эле алдын ала алынган маалыматка ылайык, учак телекоммуникациялык антеннага илинип, кулап түшкөн.