"Супер-Инфо" гезитинин сурамжылоосу боюнча "Жылдын супер спортчусу-2014" наамынын ээси, бир канча ири мелдештерде ийгилик жараткан спортчу
Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында туулган.
Ата-энеси медицина кызматкерлери. Үй-бүлөдө 2 эжеси, 1 агасы, 1 иниси бар. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыгып, кийин 10-классты бүткөндө күрөш менен машыга баштаган.