8- Май 2015 -жылы Алмазбек Атамбаев менен маркум Ислам Каримов КМШ мамлекеттеринин саммитинде кайым айтышкан
Кыргыз мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов КМШ мамлекеттеринин президенттеринин саммитинде кайым айтышкан. Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Жеңиш күнүнө карата Москвада өтүүчү саммитке келүүгө мүмкүнчүлүк таппаган КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин сынга алган. Президент саммитке катышууну аталар менен чоң аталарга, энелерге жана чоң энелерге урмат көрсөтүү деп эсептей турганын белгилеген. Өткөндү унутуп, Москвада белгиленчү Жеңиш майрамына келе албаган мурунку СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн башчылары келечекте жооп берерин айткан. Президент сөз арасында "жеңишти эч ким бөлүп албашы керек" деп билдирген. Атамбаевдин мындай пикирине Ислам Каримов өткөндү унутууга эч ким аракет кылбаганын, жеңиш жалпы экенин айтып, "ар бир өлкө, ар бир эл жана ар бир президент эмнени, кайда, кантип өткөрүүнү тандоого укуктуу" деп жооп узатып жана Алмазбек Атамбаевдин оюна таптакыр кошулбай турганын билдирген. Кыргыз президенти анын сөзүн ортосунан бөлүп, "мен жеке пикиримди билдирип жатам" деп өзбек кесиптешин терикпөөгө чакырган. Каримов аталган согуштагы жеңишке өзбек эли да салым кошконун айтып, өз оюнан кайткысы келген жок. Улуу Ата Мекендик согушка Өзбекстандан 6,5 миллион адам барып, анын 500 миңдейи согуштан кайтпаганын кошумчалаган. Каримов Москвада 9-майда өтүүчү салтанаттарга катышпай турганы буга чейин бир нече жолу маалымдалган. Мындан тышкары Беларусь президенти Александр Лукашенко да Жеңиш майрамын Минскте белгилей турганын билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан