15- Ноябрь 1991 -жылы "Дивергент" тасмасы аркылуу таанылган Шейлин Дайанн Вудли төрөлгөн
Шейлин Вудли 1991-жылы 15-ноябрда АКШнын Калифорния штатынын Сими-Вэлли шаарында туулган. Атасы Лонни Вудли мектеп директору, апасы Лори Вудли жалпы билим берүү мектебинде психолог болуп эмгектенишкен. Шейлин 15 жашка чыкканда анын ата-энеси ажырашып кетишкен. Шейлин мектепти туулган шаарында аяктаган. Ошол учурда болочоктогу актриса сколиоз (омурткалардын ийрейип калуусу) менен жабыркап, бирок операциясыз айыгат. Шейлиндин эң алгачкы дебюту 8 жашында болгон. Ал "Атамдын ордуна" тасмасында кичинекей роль жараткан. Ал эми атак алып келген тасма "Америкалык өспүрүмдүн жашыруун жашоосу" (2008-ж.) аттуу тасма болгон. Сюжетте 15 жаштагы Эми Юргенс кош бойлуу экенин билген соң көздөн далдоо жашап, өз алдынча төрөөгө аракет жасайт. Бул учурдагы көрүнүштү ийине жеткире аткаргандыгы үчүн «Teen Choice Awards» сыйлыгынын 5 номинациясына татыйт. "Урпактар" ("Потомки") тасмасы аркылуу да таанылып, актриса 2011-жылы "Алтын глобус" кино сыйлыгынын "Көз карандысыз эрк" номинациясына татыганын белгилей кетүү керек. 2012-жылы "Жаңы жөргөмүш адам" («Новый Человек-паук») 3 жана 4 тасмаларында Вудли эпизоддук ролдорду аткарып, бирок ал кадрлар тасмадан кесилип калган. Актрисанын атактуу тасмалары: "Мула", "Биздин макулдук", "Урпактар", "Бурганактагы ак чымчык", "Дивергент", "Жылдыздар күнөөлүү", "Дивергент", 2-бөлүк: Инсургент, "Дивергент", 3-бөлүк: "Дубал артында", "Сноуден", ж.б.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан