9- Сентябрь 1934 -жылы
Белгилүү кыргыз акыны Рамис Рыскулов туулган
Кыргыз акыны Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кызыл-Тоо айылында, кызматкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Андан кийин Москва шаарына барып М.Горький атындагы адабият институтуна барып окуп, аны 1959-жылы аяктайт. Чыгармачылык эмгек жолун «Кыргызстан пионери» газетасынын редакциясынан баштап, андан кийин «Ленинчил жаш» гезитинде иштеп уланткан. 1959-жылдан тарта калың кыргызга таанымал болгон адабий "Ала-Тоо" журналында да иштейт. 1960-жылдардан тарта бүгүнкү күнгө чейин кыргыз адабиятына салым кошуп, белгилүү ырларды жаратып келүүдө.
Рамис Рыскуловдун акындык таланты эрте ачылган. Анын "Жаз" ырлар жыйнагы 1959-жылы 25 жашында эле басылып чыккан. Кыргыз совет поэзиясына жаңычылдык киргизген акындардын сап башында Рамис Рыскулов турат. Ал бир гана поэзия менен чектелбестен улуу орус акындары А.С.Пушкин, А.Вознесенский, В.В.Маяковскийдин чыгармаларын, Н.А.Некрасовдун тамсилдерин кыргызчага которгон. 1959-жылдан тарта СССР жазуучулар союзуна мүчө болгон.