Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы "Манчестер-Арена" стадионунда жарылуу болуп, 19 адам каза болгон жана 60ка жакын адам жаракат алган. Аталган стадиондо Ариана Гранде аттуу америкалык ырчынын концерти өтүп жаткан. "Манчестер-Аренадагы" жарылуу террордук акт катары каралган. Концерт учурунда жаш балдар көп болгон. Күбөлөр бир нече жарылуу укканын айтышкан.