23- Июнь 2015 -жылы
Ала-Бука районунда бүтүрүү кечесин майрамдап жүргөн 9 окуучу жол кырсыгына кабылып, алардын төртөө каза болгон
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда бүтүрүү кечесин белгилеп жаткан окуучулар жол кырсыгына кабылышкан. 9-11-класстын окуучулары бүтүрүү кечесин өткөрүү үчүн Хонда Одиссей унаасында райондун борборуна жөнөшкөн. 1991-жылы туулган К.Өскөнбаевдин унаасы менен окуучулар Кызыл-Ата айылынан Ала-Бука районунун борбордук бөлүгүнө келе жатышкан. Саат 18:40тар чамасында айдоочу рулду башкара албай, жолдун сол жагындагы эгин талаасына чыгып кеткен. Жол кырсыгы болгон жерден 2 окуучу жана аларды видеого тартып жүргөн оператор жан берген. Каза болгондордун бири 1995-жылы туулган кыз. Мындан сырткары 1997-жылы туулган 6 окуучу ооруканага жеткирилип, экөөбүз операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 2 күндөн кийин ооруканадан дагы бир окуучу өзүнө келбей жан берген. Унаада жалпы 9 адам болгон. Окуядан кийин мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн өмүрүн алган кырсык боюнча ошол кездеги билим берүү министрине эскертүү, орун басарына сөгүш берилген. Ал эми кырсык боюнча күнөөлүү деп табылган унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган К.Өскөнбаев аттуу жаран 7 жылга эркинен ажыратылган.