реклама

23-июнь, 2015-жылы Ала-Бука районунда бүтүрүү кечесин майрамдап жүргөн 9 окуучу жол кырсыгына кабылып, алардын төртөө каза болгон

Кыргызстан
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда бүтүрүү кечесин белгилеп жаткан окуучулар жол кырсыгына кабылышкан. 9-11-класстын окуучулары бүтүрүү кечесин өткөрүү үчүн Хонда Одиссей унаасында райондун борборуна жөнөшкөн. 1991-жылы туулган К.Өскөнбаевдин унаасы менен окуучулар Кызыл-Ата айылынан Ала-Бука районунун борбордук бөлүгүнө келе жатышкан. Саат 18:40тар чамасында айдоочу рулду башкара албай, жолдун сол жагындагы эгин талаасына чыгып кеткен. Жол кырсыгы болгон жерден 2 окуучу жана аларды видеого тартып жүргөн оператор жан берген. Каза болгондордун бири 1995-жылы туулган кыз. Мындан сырткары 1997-жылы туулган 6 окуучу ооруканага жеткирилип, экөөбүз операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 2 күндөн кийин ооруканадан дагы бир окуучу өзүнө келбей жан берген. Унаада жалпы 9 адам болгон. Окуядан кийин мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн өмүрүн алган кырсык боюнча ошол кездеги билим берүү министрине эскертүү, орун басарына сөгүш берилген. Ал эми кырсык боюнча күнөөлүү деп табылган унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган К.Өскөнбаев аттуу жаран 7 жылга эркинен ажыратылган.   (7 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: