
Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан басмаканадан өрт чыгып, натыйжада 17 адам түтүнгө ууланып каза табшкан. Кийинчерээк алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттар экени аныкталды. Арасынан 14ү Кыргыз жарандары болсо, үчөө Орусия жарандыгындагы кыргыздар болгон. Алтуфьев шоссесинде жайгашкан бул басмакана "Печатный экспресс" ишканасына таандык болгон. Басмакана ичинде кагаздар көп болгондуктан, өрт бат эле тутанып кеткен. 14 кыз-келиндин эң эле улуусу 41 жашта болсо, кичүүсү 18ге толо элек өспүрүм кыз болду. Айрымдарынын артында 2-4 баласы бар болуп чыкты. Эки күндөн соң, президент Алмазбек Атамбаев 29-август күнүн "аза күтүү күнү" деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, шаан-шөкөттөр токтотулуп, өлкө желеги бул күнү Кыргыз жеринде желбиреген жок.
Каза болгондордун аты-жөнү:
1. Жумадылова Нурай Азаматовна, 10.09.1998-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылынан;
2. Бообекова Гүлбара Жумабековна, 16.07.1971-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин шаарынан;
3. Раимкулова Динара Исмаиловна, 10.08.1983-жылы туулган, Сузак районунун Кыз-Көл айылынан;
4. Абдуганиева Жаркынай Убайдуллаевна, 16.02.1982-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
5. Базарбай кызы Айсулуу, 01.01.1993-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
6. Азимжан кызы Махигүл, 03.12.1995-жылы туулган, Ноокен районунун Курулуш айылынан;
7. Камчыбекова Алмаш Курманбековна, 27.01.1998-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
8. Топчиева Алина Хусановна, 05.05.1994-жылы туулган, Ош шаарынан;
9. Абдаким кызы Айкөл, 19.01.1993-жылы туулган, Алай районундагы Кабылан-Көл айылынан;
10. Канатбек кызы Алина, 08.02.1994-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 12.02.1995-жылы туулган, Кара-Суу районундагы Кара-Дөбө айылынан;
12. Маматкасымова Индира Идрисовна, 18.08.1977-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан;
13. Алабердиева Кыял Дөөлөткелдиевна, 25.04.1986-жылы туулган, Ак-Суу районундагы Челпек айылынан;
14. Абдумаматова Айчүрөк Баитовна, 24.03.1990-жылы туулган, Ош шаарынан.