25- Май 2017 -жылы Жоголгон балдардын эл аралык күнү
Көптөгөн өлкөлөр үчүн 25-май - жоголгон балдардын эл аралык күнү. Бул күндүн символу көк ботокөз гүлү. Дал ушул күнү 1979-жылы үйүнө бара жаткан америкалык 6 жаштагы окуучу Эвиан Пейтс жоголгон. Окуя дүйнө жүзүнө кеңири тарап, көп адам издөө иштерине катышкан, бирок аны эч ким таба алган эмес. 4 жыл өткөн соң АКШнын президенти Рональд Рейган 25-майды жоголгон балдардын улуттук күнү деп жарыялаган. Бир жылдан кийин, 1984-жылы Жоголгон жана эксплуатацияланган балдарды табуу улуттук борбору негизделген. Бул демилгени Европадагы өлкөлөр колдоого алып, 1997-жылы Жоголгон жана эксплуатацияланган балдарды табуу эл аралык борбору ачылган. Дал ошол борбордун демилгеси менен 2010-жылдан тарта жоголгон балдардын күнү белгиленип келет. Жыл өткөн сайын жоголгон балдардын саны өсүүдө. Эл аралык балдарды коргоо уюмунун маалыматы боюнча, жылына Европада орточо эсеп менен 70 миңден, Орусияда 55 миңден ашуун, АКШда 800 миңдей өспүрүм жоголот. Жоголгон балдардын көбү үйдөн өзүлөрү качышат. Ага көп нерсе себеп болот. Балдарды сатуу, сексуалдык зордук көрсөтүү максатында да уурдагандар аз эмес. Балдардын жоголушу көп учурда ата-эненин көңүл кош мамилесинен болот, алар балдарына бейтааныш адам менен сүйлөшүү эрежелерин үйрөтүшпөй, кароосуз калтырышат. Жыйынтыгында бала кылмышкердин жеңил "жеми" болот.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан