1- Июнь 2017 -жылы
Ата-энелердин бүткүл дүйнөлүк күнү
Ата-энелердин бүткүл дүйнөлүк күнү (Global Day of Parents) — 2012-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясында кабыл алынган. 2013-жылдан тартып жыл сайын белгилене турган болгон. Майрамдын максаты — жашоочуларга жалпы адамдык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды эскертүү. Анткени үй-бүлө, биринчи орунда ата-эне балдардын коопсуздугуна, аларга тарбия берип коргоого жооптуу. Өзүнүн расасы, дини, маданияты жана этностук айырмачылыктарына карабай балдарынын негизги тарбиячысы, мугалими болуп саналат. 1-июнда Ата-энелер күнү жана Балдарды коргоо күнүнүн белгилениши символикалык түрдө үй-бүлөгө байланыштуу болушу жөн жерден эмес. БУУнун Башкы Ассамблеясы бул күндү белгилөөгө бардык мамлекеттерди чакырып келет.