13- Июнь 2005 -жылы Альбинизм жөнүндө маалыматты таратуунун эл аралык күнү
Альбинизм латындын "албус" - "ак" деген сөзүнөн алынган. Альбиностор – планетадагы сейрек кездешүүчү адамдар. Тактап айтканда, альбиностор – териси, чачы, каш-кирпиктери аппак болуп төрөлгөндөр. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, ткандарга өң берүүчү меланинди иштеп чыгаруучу тирозин затынын толук же жарым-жартылай жок болушу альбинизмге алып келет. Негизинен альбинизм тукум кууйт деп айтышат адистер. Дүйнөдө альбинизм менен жабыркаган адамдар коомчулук тарабынан көптөгөн басмырлоого туш болушат. Коомчулуктун түшүнбөө менен мамиле жасагандыгы альбиносторду коомдон өздөрүн алыстатууга алып келет. Буга байланыштуу Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча уюму ар бир мамлекетти альбинизмден жабыркаган бардык жарандарына карата басмырлоону жоюуга чакырган резолюция кабыл алган. Мындай чечим БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2014-жылдын 18-декабрында кабыл алынып, 2015-жылдын 13-июнунан тартып альбинизм тууралуу маалыматтарды таратуунун эл аралык күнү катары белгиленип келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан