Альбинизм жөнүндө маалыматты таратуунун эл аралык күнү
реклама

13-июнь -  Альбинизм жөнүндө маалыматты таратуунун эл аралык күнү

Дүйнө
Альбинизм латындын "албус" - "ак" деген сөзүнөн алынган. Альбиностор – планетадагы сейрек кездешүүчү адамдар. Тактап айтканда, альбиностор – териси, чачы, каш-кирпиктери аппак болуп төрөлгөндөр. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, ткандарга өң берүүчү меланинди иштеп чыгаруучу тирозин затынын толук же жарым-жартылай жок болушу альбинизмге алып келет. Негизинен альбинизм тукум кууйт деп айтышат адистер. Дүйнөдө альбинизм менен жабыркаган адамдар коомчулук тарабынан көптөгөн басмырлоого туш болушат. Коомчулуктун түшүнбөө менен мамиле жасагандыгы альбиносторду коомдон өздөрүн алыстатууга алып келет. Буга байланыштуу БУУнун адам укуктары боюнча уюму ар бир мамлекетти альбинизмден жабыркаган бардык жарандарына карата басмырлоону жоюуга чакырган резолюция кабыл алган. Мындай чечим БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2014-жылдын 18-декабрында кабыл алынып, 2015-жылдын 13-июнунан тартып альбинизм тууралуу маалыматтарды таратуунун эл аралык күнү катары белгиленип келет. 
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8966;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: