15- Июнь 2017 -жылы
Советтик актер, режиссер Алексей Баталов каза болду
СССРдин Эл артисти, советтик актёр, кинорежиссёр, сценарист, педагог, коомдук ишмер Алексей Баталов 89 жашында дүйнө салды. 2017-жылдын январь айында Баталовдун жамбаш сөөгү сынып ооруканага жаткырылган. Февраль айында ага операция жасалган эле. Операциядан кийин да актёр ооруканада дарыланып жаткан. Жакындарынын билдиришинче актер уктаган бойдон ойгонгон эмес.
Ал 1928-жылы театр актёрлорунун үй-бүлөсүндө туулган. 1944-жылдан баштап киного тартылып, дебют жасаган. Актёр 40тан ашуун тасмага тартылган. Ал режиссёр Владимир Меньшовдун "Москва көз жашка ишенбейт" тасмасында Гошанын ролун аткарганы менен белгилүү. Мындан сырткары "Турналар учуп баратат", "Нагыз англисче өлтүрүү", "Күчүгү бар айым" өңдүү тасмаларга тартылган.
Баталовго 1976-жылы СССРдин Эл артисти наамы берилген. Ошондой эле Социалисттик Эмгектин баатыры (1989), СССРдин мамлекеттик сыйлыгынан лауреаты (1981), Ага-ини Васильевдер атындагы РСФСР мамлекеттик сыйлыгына (1966) татыктуу болгон. 2005-жылы Орусиянын мамлекеттик сыйлыгын алган. 2008-жылы Бугульмин мамлекеттик драма театрына Алексей Баталовдун ысымы берилген.