28- Июнь 1971 -жылы
Ойлоп табуучу Илон Маск туулган
Ойлоп табуучу Илон Маск Түштүк Африкадагы Преторияда Республикасы туулган.
Келечектеги гений кичинекей кезинде мектепке өзүн кыйнап барчу. Анткени анын ата-энеси бир жерден экинчи жерге көчө беришкен. 12 жашында өзү теңдүү балдар эч нерсе менен капары жок жүргөн кезде Маск компьютер оюндарын ойлоп тапкан. Ал долбоорун 500 долларга баалаган. Өспүрүм сатыктан түшкөн акчаны фармацевттик компаниянын акциясына короткон. Бул анын келечекте Канададагы окуусуна инвестиция болгон. Кийинчерээк Пенсильваниядагы жогорку окуу жайларынын бирине өткөн. Келечектеги ойлоп табуучу 23 жашында "Zip 2" (маалыматтарды камсыздоо программалары менен иштечү) аталышындагы 308 миллион долларга бааланган компанияны негиздеген.
Дональд Трамп АКШнын президенти болуп шайланганда Маск аны "бул орунга татыксыз" деп эсептеген. Бирок учурда ал президенттин кеңешчиси (2017).
Ал 2 жолу үйлөнүп, 2 жолу ажырашкан. Биринчи жубайынан 5 уулу бар.