29- Июнь 2017 -жылы "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев каза болгон
"Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев каза болгон. 28-июнда ырчы ооруканага оор абалда жеткирилген.
Олег Яковлев 1969-жылы 18-ноябрда Монголиянын Улан-Батор шаарында туулган. Бул учурда ата-энеси аталган өлкөдө жумушуна байланыштуу жашап жүрүшкөн эле. Ырчы биринчи классты аяктаган соӊ Монголиядан СССРге кайтып келишкен. Ата-энеси, 2 эжеси менен алгач Орусиянын Ангарск шаарында, кийин Иркутск шаарында жашашкан. Ырчы аталган шаарда мектепти жана жогорку окуу жайын аяктаган. Олег Яковлев Иркутск шаарындагы театралдык училищени "куурчак театрынын актёру" адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Окуу жайда куурчак театрынын актёру кесибине ээ болгон. "Иванушки International" тобунун курамына 1998-жылы кирген. Ал эми 2012-жылы жеке карьерасын баштап, бир жылдан соң топтон кеткенин жар салган. Ырчынын өлүмүнө боордун циррозу жана өпкө оорусунун өтүшүп кеткени себеп болгон. Олег Яковлев үйлөнгөн эмес. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө менеджери Александра Куцевол менен жашап жүргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан